Молдовановка айылындагы №27-түзөтүү абагына акча ыргытууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-июнь күнү саат 19:30 чамасында 1995-жылы туулган Н.Т. №27-түзөтүү абагынын аймагына полиэтилен баштыгын ыргытууга аракет кылган. Ал жаран дароо абак кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, далил зат катары полиэтилен баштыгы алынган. Анын ичинде 3900 сом болгон.
Ошондой эле 21-июнь күнү саат 23:20 чамасында Новопокровкадагы №3-түзөтүү абагына белгисиз адамдар тарабынан 3,5 литрлик желим бөтөлкөгө куюлган спирт ыргытылган. Аны түзөтүү абагынын аймагына ким ыргытканы белгисиз болууда.