Бишкекте таксистти бычактап кеткен жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 21-июнда саат 01:00 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат түшкөн. Анда Наманган жана Бирлик көчөлөрүнүн кесилишинде таксистти белгисиз адам бычактап кеткени айтылган. Окуя болгон жерге дароо ыкчам топ барып, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы У.Ж. аттуу жаранды кармаган. Милициянын маалыматына караганда, шектүү такси чакырып, айдоочуну көпкө күттүрүп койгон. Анан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, шектүү айдоочуну моюн тарапка бычак менен сайып, качып кеткен.