Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасына 30 миң сом айып пул салынды

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасынын мыйзам бузуу менен иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы 22-июнда билдирди.

Ага ылайык, 2016-жылдын 24-мартында текшерүү учурунда пайдалануудан чыккан булганыч сууларды сыртка агызууга, жаратылышты пайдалануу үчүн уруксат алынбагандыгы үчүн 30 миң сом айып салынган. Өз кезегинде "Таза суу" ишканасы салынган айыптын мыйзамдуулугун карап берүү үчүн Талас облусунун райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. 2016-жылы 10-июнда соттук териштирүүдө Талас облусунун экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн протокол, токтом мыйзамдуу деп табылып, ишкана инспекция койгон талапты аткарууга милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан