Маевка айылындагы иттер тургундардын арызынын негизинде атылды. Эти кафелерге жөнөтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айылдын тургундары айыл өкмөтүнө жолбун иттердин көбөйүп кеткенин айтып арызданышкан. Мындан улам айыл башчысы атайын ит атарларды жалдаган.
Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу “Маевка айылында белгисиз бирөөлөр көп сандагы иттерди атып кетишти. Иттерди корей кафелери үчүн атып жатышты окшойт” деп билдирген эле.