Бүгүн, 22-июнда Франциядагы Европа чемпиондугунун тайпалык баскычы толугу менен жыйынтыкталат. Бул баскычты "Е" жана "F" тайпаларындагы оюндар жыйынтыктамакчы.
"F" тайпасында абал бир топ чыңалган. Бул тайпада Венгрия курамасы гана кийинки баскычтын жолдомосун камсыздап койгон. Калган 3 командада тең мелдештен четтеп калуу коркунучу бар. Андыктан бардык командалар жеңип чыкканга зор аракет жумшашат. Венгриядан башка 3 командага тең упайлардын бөлүштүрүлгөнү эмес, "тоголок" 3 упай керек экенин белгилей кетели.
ИСЛАНДИЯ-АВСТРИЯ
Сен-Дени шаары. "Стад-де-Франс" стадиону
Калыс: Шимон Марчиняк (Польша)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
ВЕНГРИЯ-ПОРТУГАЛИЯ
Лион шаары. "Стад-де-Лион" стадиону
Калыс: Мартин Аткинсон (Англия)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
"E" тайпасында Италия курамасы 1-орунду камсыздады. Кийинки 2 орун үчүн талаш кызуу уланууда. Бельгия курамасы Швецияны утуп алса, 2-орунду камсыздайт. Швеция мелдештен четтейт. Окуянын дал ушундай өнүгүшүн пландап жаткан Ирландия болгон аракетин Италияны жеңүү үчүн жумшайт, себеби 3-орунду камсыздоо аларга кийинки турга чыкканга үмүт берет. Эгерде Златан Ибрагимович баштаган Швеция курамасы Бельгияны утуп алса, анда Ирландия автоматтык түрдө борт сыртында калат. Бельгия-Швеция беттешиндеги тең чыгуу болсо Швецияны мелдештен четтетип коёт.
ИТАЛИЯ-ИРЛАНДИЯ
Лилль шаары. "Пьер Моруа" стадиону
Калыс: Овидиу Алин Хэцеган (Румыния)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
ШВЕЦИЯ-БЕЛЬГИЯ
Ницца шаары. "Стад-де-Нис" стадиону
Калыс: Феликс Брых (Германия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)