Жалал-Абадда медициналык окуу жайдын кызматкерлери жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чакырымында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 22-июнь күнү түшкө маал Кара-Көл шаарынын Муздак-Булак аймагында болгон. Анда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тарапта келе жаткан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен Степвагон унаасындагы Чолпонбек Камбаров, Жунушбек Ташпулатов, Бектур Абазов, Мирсадык Нурбаев, Анвар Искендеров жаракат алышса, Жыргалбек Атамбеков каза тапкан. Ал эми Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Мелис Асанов жеңил жаракат алган.

Айта кетсек, Степвагон үлгүсүндөгү унаанын ичиндегилер Жалал-Абад облусунун медициналык окуу жайынын кызматкерлери болушкан. Алар Ысык-Көл облусуна спорттук мелдешке катышуу үчүн баратышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anara-anara
2016-06-23 12:11:41
Жайы жаннаттан болсун алланын ыйык кундору ага бейиштин торунон орун берсин кудайым
+2
Komrad
2016-06-23 13:43:23
Змейка деп коет ал жолдун болугун. Ото чебер болуп керек ал жерде айдап отуш учун. Жаман иш болуптур, кайрат кылгыла, бекем болгула.
+1
aibo_85
2016-06-23 15:54:57
Жаман иш болуптур, сабыр тилейм туугандарына.
+1
Joki1
2016-06-23 21:43:17
Алины киши эле
0
Mile
2016-06-23 23:43:30
Жыргал аке Аллах бейиштен орун берген болсун ылайым. Ичпеген Кудай деген киши эле. Жакшы адам эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан