Ысык-Көлдө спорт журналисттери 4 спорт түрү боюнча күч сынашып, өз ара чемпиондорду аныкташат

30-июндан 3-июлга чейинки аралыкта Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасындагы спорт журналисттеринин арасында мелдеш өтөт. Иш-чара 2-июль - Спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, спорт журналисттери маалымат жеткирип гана тим болбой, бул жолу тогуз коргоол, кичи футбол, аркан тартыш жана сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрү боюнча өз ара мыктыларды аныкташмакчы.

Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 412 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан