"Кинозал" бөлүмүндөгү мелодрамалык жанрдагы тасма - "Сен эмне кылмаксың?", режиссёру - Сүйүн Откеев. Анда актёр-актрисалар Анжелика Бекболиева, Арнис Кыдырмышев, Уланбек Султангазиев, Эркин Эгембердиев, Данияр Макашев роль жаратышкан.
Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев буларга токтолду:
"Сен эмне кылмаксың?" тасмасынын сценарийи интернеттен алынган аңгеменин негизинде көркөмдөлүп, толукталып тартылган. Бул менин чыгармачылыгымдагы алгачкы толук метраждуу тасма. Албетте, кемчиликтери да болду. Көп каармандуу тасма болуп, көпчүлүк менен иштешүүдө кыйынчылыктар жаралып жатты.
Тасма жарыкка чыкканда көпчүлүктүн купулуна толуп, кинотеатрлардан көрсөтүлүп жатты. Өзүнө кеткен чыгымды толук актады, андыктан майда кемчиликтерге карабастан алгачкы толук тасма үчүн бул жакшы жетишкендик деп ойлойм".
Фильмде бир нанды бөлө жеген 5 студент: байдын уулу Бекзат, айылдык жигит Талгат, шумпай жигит Данко, ай чырайлуу Айым жана профессорлукка умтулган Жоомарттын тегерегиндеги окуялар баяндалат. Студент кезден ынак болгон достор университетти аяктагандан кийинки 5 жылда аябай өзгөрүшөт. Досторуна карызга акча сурап кайрылган Талгаттын оюн таш каап, достуктун жазылбаган мыйзамдарына күбө болот.
"Сен эмне кылмаксың?" тасмасын бул жерден көрүңүз.