Евро-2016: Италия курамасы Ирландияны кийинки баскычка чыгарды, Ибрагимович чемпиондук менен коштошту (фоторепортаж)

Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунда тайпалык оюндар жыйынтыкталды. 22-июнда "Е" тайпасында 2 беттеш орун алып, айрым командалар кийинки турга чыгуу үчүн болгон аракеттерин жумшашты.

Жыйынтыгында бул тайпада Златан Ибрагимович баштаган Швеция курамасы Бельгияга утулуп, мелдештен четтеп калды. Ал эми алгачкы 2 турда плей-офф жолдомосуна ээ болгон Италия курамасы Ирландияга утулуп, атаандашынын кийинки баскычка чыгуусун камсыздады.

Швеция-Бельгия - 0:1

Гол: Наингголан (84-мүнөттө)

Италия-Ирландия - 0:1

Гол: Брэди (85-мүнөттө)

Бул тайпадан Италия, Бельгия, Ирландия плей-офф баскычына чыгышты. Алардын 1/8 финалдагы атаандаштары:

Бельгия-Венгрия

Италия-Испания

Ирландия-Франция

Евро-2016: III тур. Италия - Ирландия
Евро-2016: III тур. Швеция - Бельгия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tashi62
2016-06-23 11:56:14
Венгрия менен Португалиянын оюну укмуш болду бирок .
+3
USSRKG
2016-06-23 13:02:47
туура эле тандапмын Франция алга Гризман.Погба уят кылбагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан