Евро-2016: Криштиану Роналду Португалияны бир өлүмдөн сактады, Австрия курамасы мелдештин эшигин сыртынан жапты (фоторепортаж)

Франциядагы Европа чемпиондугунда тайпалык оюндар жыйынтыкталды. "F" тайпасында упай талаш өтө курч мүнөздө жүрүп, бир дагы команда оңой утулуп бергиси келбегенин далилдеди. Жыйынтыгында кийинки баскычка бул тайпадан 3 команда чыкты: 1. Венгрия. 2. Исландия. 3. Португалия

Исландия-Австрия - 2:1

Голдор: Бедварссон (18-мүнөттө), Шопф (60-мүнөттө), Траустасон (94-мүнөттө).

Венгрия-Португалия - 3:3

Голдор: Геро (19-мүнөттө), Жуджак (47-мүнөттө, 55-мүнөттө) - Нани (42-мүнөттө), Криштиану Роналду (50-мүнөттө, 62-мүнөттө).

Плей-офф баскычында Венгрия, Исландия жана Португалия төмөнкүдөй атаандаштар менен табышты:

Португалия-Хорватия

Исландия-Англия

Венгрия-Бельгия

Евро-2016: III тур. Венгрия - Португалия
Евро-2016: III тур. Исландия - Австрия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
LEGENDA.
2016-06-23 12:48:53
"Роналду курамасы үчүн эч нерсе кыла албайт" деп өткөн оюндарда ызылдап жүргөндөр көрүнбөйт го))
2 гол 1 голдук пас. Чыныгы лидер)
+11
USSRKG
2016-06-23 12:59:50
ээ роналдочулар Хорватия 2-0го утуп салат портуну.Роналдо очуп жаткан шам.Месси кучоп жаткан от.
-14
ofcourse
2016-06-23 13:05:37
Ronaldo sozjok oynodun ozun mykty futbolchu ekenin dalildedin alga PORTu
+7
Xanbiyken
2016-06-23 13:32:31
Порту алдыга чыгат буюрса
+4
Xanbiyken
2016-06-23 13:33:47
Роналду мыктылардын мыктысы....
+5
amanatym
2016-06-23 13:43:28
Кришти только проснулся
-5
kdatka
2016-06-23 14:20:52
Роналду топту талашып деле кыйналбайт,качан караба дарбазанын жанында журотго кыпчылып,топту чыгарып берсе,анан гол согуп коёт..
-4
Patriot..kg
2016-06-23 18:04:57
kdatka, ээ сиз түшунбойсузда
-2
Erl017
2016-06-23 14:35:08
пенальтилер сериясынан утпаса Португалия Хорватияны оной олтон учура албайт мелдештен
-4
P.Dibala
2016-06-23 15:41:45
Хорватия учун мыкты атаандаш болуп бере ала бекен озу Порту)). Порту эптеп гр чыкканын унтуп калдынабы))
-1
Aikyn93
2016-06-24 20:29:10
P.Dibala,биринчи туура жазганды уйрончу
-1
XAN-TORO
2016-06-23 16:47:31
Портунун дарбазачысы жакшы эмес экен жөнөкөй топторду өткөзүп койду
+4
Patriot..kg
2016-06-23 18:06:33
Венгрия 3 голду тен айып соккусунан киргизди
Порту жана Роналдуга базар жок
+1
Мэри
2016-06-23 21:13:21
Өткөндө Роналду пенальтиден гол киргизе албай калса шылдыңдап жатышты эле... (абайлап сүйлөш керек да, ээ))))
Негизи, мен ишенгем Роналдуга, мына өлүмдөн сактап калыптыр ))))))
-1
Taalai94
2016-06-23 21:21:21
Роналдо болбогондо олуп калмак экенда.
0
Nurdash
2016-06-24 10:42:32
Порту дарбазачыны алмаштырбаса хорватияга сайылып калышы мумкун. Дарбазачысы колу башка жагынан осуптур
0
admin_portal
2016-06-26 12:56:27
USSRKG, nonem, этика нормаларын сактаңыздар! Жеке айтышуулар купуяга! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан