2008-жылдары Султан Садыралиев ырдаган көп ырлар хитке айланган. Ырчынын аткаруусундагы "Жагымдуусуң" чыгармасы да убагында популярдуу болгон. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Клиптин идеясы Динара Эсенгуловага таандык. Бишкекте жаңы ачылган мейманканалардын биринде тартылган. Тартуу учурунда көп деле кыйынчылыктар жаралган жок. 2-3 сааттан тартылып жатып, жалпысынан 2 күндө тартылып бүткөн. Клиптин идеясы чет элдик тасмалардан алынган эмес, окшоштурулуп тартылганын да айта албайм. Себеби өзүм түрк, корей, Индия элинин тасмаларын көрбөйм".
Султан Садыралиевдин "Жагымдуусуң" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.