Сузак районунда экстремисттик уюмду жайылтууга аракеттенген 2 адамдын үйүнөн диск, китептер табылды

Кечээ, 24-июнда Сузак районунда экстремисттик уюмду жайылтууга аракеттенген 2 адамдын үйүнөн диск, китептер табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган 2 адамдын үйүн тинтүүгө алып, диний экстремизм жана терроризмге үндөгөн 4 даана китеп, 1 даана диск жана 1 даана жазылган китепче табышкан.

"Учурда табылган буюмдар соттук-теологиялык экспертизага жөнөтүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми табылган диск көчүрүлүп башкаларга таратылганы же таратылбаганы такталып жатат", - дешти Жалал-Абад ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан