Футбол боюнча улуттук курама командабыз июль айында жаңылана турган Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 8 орун алдыга жылат. Команданын алдыны карай секирик жасоосуна анын 7-июнда Иран курамасына 6:0 эсебинде утулганы жолтоо боло албайт. Бул тууралуу рейтинг боюнча иштеген football-rankings.info басылмасы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, рейтинг Европа жана Америка чемпиондуктарынын жыйынтыгын эске алуу менен 14-июлда жаңыланат.
Иран курамасы 209 команданын ичинен 2 орун алдыга жылып, 37-орунду ээлейт.