ЖЫЛНААМА, 24-ИЮНЬ: 110 жыл мурун композитор жана ырчы Абдылас Малдыбаев туулган

110 жыл мурун композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти Абдылас Малдыбаев туулган. Ал 1906-жылы 24-июнь күнү Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында жарыкка келген.

Алматы казак-кыргыз агартуу институтунда, Кыргыз педтехникумунда окуган. Москва консерваториясында Кыргыз студиясынан билим алган. Фрунзедеги музыкалык техникумда директор, музыкалык студияда артист, Кыргыз опера жана балет театрында артист, Кыргызстан Композиторлор союзунун төрагасы, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын директору болуп иштеген. Ал чыгармачылык жолун обончу катары баштап, 300дөй чыгарма жараткан, анын 200дөйү ыр-обондор.

Композиторлор В.А.Власов, В.Г.Фере, М.Абдраев менен бирдикте операларга музыка жазган. Операларда өзү да бир нече ролдорду аткарган. Абдылас Малдыбаев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. СССР Жогорку Советине бир, Кыргыз ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Опера, балет театрына анын аты берилген.

Абдылас Малдыбаев 1978-жылы 72 жаш курагында каза болгон.

24-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан