Биз социалдык тармакта

Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себептери такталууда

Бишкек шаарынын Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт саат 20:35 чамасында башталган. Аны өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, дээрлик 7 саатта толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 13 кабаттуу №190-үйдүн 3000 чарчы метр жыгач устундуу, черепица менен жабылган чатыры толугу менен жана 13-кабаттын батирлери, эшик-терезелери, үй эмеректери күйгөн. Өрт учурунда каза тапкандар жана жабыркагандар болгон эмес. Учурда батирлердин ээлери жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-06-24 12:50:07
Бизде 9-кабатка чейин гана жетет деп чыгып жаткан эле го куткаруучу тепкичтер. Же жаңы машиналар келгенби ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан