Кыл кыякчы Залина Касымова төш белги менен сыйланды

Белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова "Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу кыл кыякчы бүгүн, 24-июнда SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 23-июнда Жумамүдүн Шералиевди эскерүү кечеси болуп өттү. Буга чейин кыл кыяк менен гитаранын коштоосунда чыгарма аткарып жүргөм. Бул ирет өзгөчөлүк киргизүү максатында мен, гитарачы жана битбоксчу (битбокс - ооз менен музыка жаратуу стили) баланын жардамы менен Жумамүдүн Шералиевдин эки чыгармасын даярдадык. Кеченин соңунда "Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин" төш белгиси менен сыйландым. Албетте, бул мен үчүн күтүүсүз жагымдуу жаңылык болду.

Бир жолу телеканалдардын биринде битбоксчу жигит экөөбүз кыл кыяктын жардамы менен айтыш сыяктуу жарышып чыгарма аткарган элек. Мына ошондо жаңыча, өзгөчө чыгарма жаратуу идеясы пайда болгон", - деп билдирди Залина Касымова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidowi
2016-06-24 18:26:29
Аскат мн жараштыбы?????
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан