Казакстандын Алматы облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгынан каза тапкандар үч бир тууган жана алардын апасы экени айтылууда:
- 2002-жылы туулган М.И.И.
- 2007-жылы туулган М.И.И.
- 2003-жылы туулган М.И.И.
- 1982-жылы туулган А.Н.Б.
- 2002-жылы туулган Т.А.
Ал эми жол кырсыгынан 1978-жылы туулган К.И.Ж., 1987-жылы туулган М.М.Ж., 1996-жылы туулган Б. уулу К. 1980-жылы туулган М.И.А. жабыркашкан.
Айта кетсек, жол кырсыгы 23-июнь күнү саат 07:00 чамасында Алматы-Астана унаа жолунун 385-чакырымында болгон. Анда Мерседес Вито үлгүсүндөгү кичи автобус менен Сетра үлгүсүндөгү автобус сүзүшкөн. Кичи автобустун ичинде кыргыз жарандары болгон. Экөө ошол жерден каза тапса, үчөө ооруканадан көз жумган.