Бүгүн, 24-июнда Франциянын Монако шаарында кыргыз кикбоксчусу Алексей Федосеевдин катышуусунда беттеш орун алат. Спортчу кикбокстун К-1 түрүнөн WAKO-PRO версиясы боюнча чемпиондук наамын коргоо үчүн рингге чыгат.
Уюштуруучулар кабарлашкандай, "Куюн" каймана атына ээ болгон Алексейдин атаандашы франциялык
Дилан Сальвадор болмокчу. Беттеш "Monte-Carlo Fighting Masters" мелдешинин алкагында уюштурулат.