Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылынын тургуну изделүүдө. Ал түнкү саат экиде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"1979-жылы туулган иним Султан Чыбылаев 2016-жылдын 17-июнь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча келген жок", - деп Улан Чыбылаев милицияга кайрылган.
"Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагынын Маданов көчөсүнүн тургуну Султан Чыбылаев түнкү саат 02:00 чамасында сыртка чыгып, кайрылып келген эмес. Учурда издөө иштери уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Көзү кара, жүзү ак-сары, чачы кара түстө. Ак футболка, кара түстөгү чолок шым, кара түстөгү жеңил бут кийим кийип алган. Сол жак бетинде тырыгы бар.
Жалал-Абад ОИИБи көргөн-билгендерди "102" милиция кызматына же жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт.