Үй куруучулар: Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсык өрт коопсуздугунун сакталбаганынан улам келип чыккан

23-июнда Бишкектеги Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт кырсыгы өрт коопсуздугунун сакталбаганынан улам келип чыккан. "Borsan Construction" ишканасы курган бул үйдүн тургундары оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда этияттык кылышкан эмес. Эч ким жаракат же күйүк алган эмес, учурда аталган ишкана жашоочуларга акчалай жардам көрсөтүүдө.

Бишкек ШИИББи тараткан билдирүүдө өрт 13-кабаттагы батирлердин биринде башталганы айтылат. "Жашоочулар айтып беришти, саат болжол менен 20:00дө бир нерсенин жарылганы угулган. Андан кийин ошол оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан батирдин терезесинен түтүн чыгып баштаган", - деп жазылат шаардык милициянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
shankol88
2016-06-25 10:33:33
Ачык айткан ечким жокко анныгы неболгон айталбайтат жепалган меспикен???
-7
dinka
2016-06-25 10:37:17
shankol88,мектепте окудунуз беле?!сиздин суйломду бир окуп, тушунуу мумкун эмес экен...
+13
Asyl19.09.90
2016-06-25 13:01:49
shankol88,уч жолу окудум бирок тушунбодум жазганынды кечирип кой
+3
kg_boy__91
2016-06-25 14:00:44
shankol88,которуп береин ачык айткан эч ким жок го ,анык не болгон айта албай жатат, жеп алган эмес бекен
+4
stervella415
2016-06-25 19:57:50
shankol88,оууу мин жолу окудум тушуно албадым
0
Kyialbek.a
2016-06-25 11:13:55
Албетте бирдеме жарылган болбосо орт мынчалык тез тутанмак эмес
+1
Komrad
2016-06-25 12:19:51
"Куруучулар куруучу ишкана" дегенди кандай тушунсо болот
+2
tram-lam
2016-06-25 12:54:48
Мен билгендер бул компания уйлорун ото сапаттуу курат, акчасынан качпай кымбат материалдарды сатып алып курушат. Эмнеге орт чыкканын тушуно албай жаттым эле, демек бир нерсе жарылган турбайбы
+2
mishonia8077
2016-07-03 04:12:50
tram-lam,13-кабаттан бир батир ремонт болуп аткан экен анан натяжной потолокту жазаганда газ колдонулат экен ремонт жазагандар газды туура эмес колдонушуптур газдын ичине жалын кирип кетип жарылган деп айтышты.
0
Durdana
2016-06-25 15:16:16
орт биринчи жолу болтабы эле болуп эле келетатко
0
barakcha
2016-06-25 23:31:15
Жаны курулуп жаткан уйлорго ишенич жок.СССР убагындагы уйлордон айланса болот.Саны бар,сапаты жок!
0
Kroxa
2016-06-26 01:06:55
Бизде эптеп бутуруп акча табуу да, орт коопсуздуктарын орнотушсун да 13 этажды салган сон суу бийиктен чыкпай жатат напор жок,а если андан бийик уй болсо эмне болот???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан