Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну А.Т. белгисиз бирөө үйүнө терезе аркылуу кирип, күмүш буюмдарын уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз жазган. Арыз ээси окуя күндүзгү саат 12:00дө болгонун жазган. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Көрүлгөн чаралар менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну А.М. кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылган. Кармалган жаран дагы бир нече кылмыш ишине шектелүүдө.