Ош шаарындагы Касымов көчөсүндөгү 44-турак үйдүн жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 4 бөлмөсү үй эмеректери менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда 3 сыналгы, 2 муздаткыч, 10 килем, 30 жууркан-төшөк, "Аристон", жумшак эмерек күйүп, бөлмөдөгү бир газ баллон жарылган. Жабыркаган адамдар жок. Өрттүн себеби такталууда. Үй ээлеринин айтуусу боюнча, 250 миң сом акча күйүп кеткен.