“Бандит” операциясы учурунда Жалал-Абадда ок атуучу куралдарды сактаган жана ок атуучу куралдарды жасаган жаран боюнча оперативдүү маалымат алынган. Оперативдүү топ 24-июнда Майлуу-Суу шаарынын Садовая көчөсүнүн 1953-жылы туулган тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бул үчүн Жалал-Абад облустук сотунун санкциясы чыгарылган. Жыйынтыгында төмөндөгү курал-жарактар алынды:
Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.