Кикбоксчу Алексей Федосеев франциялык спортчуга утулуп, "Дүйнө чемпиону" наамынан кол жууду

24-июнда Франциянын Монако шаарында кыргыз кикбоксчусу Алексей Федосеев кикбокстун К-1 түрүнөн WAKO-PRO версиясы боюнча чемпиондук наамын коргоо үчүн рингге чыкты. Спортчу франциялык
Дилан Сальвадорго каршы туруп, техникалык нокаут менен утулуп калды.

Беттеш "Monte-Carlo Fighting Masters" мелдешинин алкагында уюштурулган. Беттештин 3-раундунда атаандаштын чыканагы Алексейдин кашына тийип, кан ага баштады. Дарыгерлер беттештин жүрүшүнө аралашып, токтотууну суранышты. Жыйынтыгында техникалык нокаут менен Алексей жеңилип калды.

Спортчубуз беттеш тууралуу ой бөлүштү: "Кикбокстун К-1 түрүндө чыканак менен чабууга катуу тыюу салынган. Дал ушул көрүнүш беттештин жүрүшүнө таасир тийгизди. Бул күнү мен тажрыйба топтоп, тажрыйбалуу мушкерлер менен тааныштым".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot..kg
2016-06-25 18:17:40
Реванш алганга чакыр Алексей. ийгилик!
+7
asyl85
2016-06-25 19:31:50
Алексей сен мыктысын
+4
ofiser26
2016-06-25 20:40:38
Бирде жигит тоо минет,бирде жигит жоо журот. Баары алды да. Мен омурумдо 5-6 эле бала мушташкам. А сеники 127 экен. Бул деген чон ийгилик.
+6
mahabat.
2016-06-25 21:55:30
жыгылган курошко тойбойт.Реванш кутобуз.айткан созуно рахмат тажрыйба алдым деп.башкаларга окшоп калыстардан ката кетти же адилетсиз экен дебей
+2
tynchtyk93
2016-06-25 22:41:06
Алексей азамат токтолбо ишинде ийгилик багынта турган ийгиликтерин алдыда.
+1
besha
2016-06-26 02:07:54
Баардык мушташуусу 145, 127си ал женгени. Баары бир азамат!
+1
www.maks.aika.kg
2016-06-26 13:22:08
Эн жакшы мушкер азаматсын келечек ийгилигин алдыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан