Евро-2016: Польша курамасы пенальтилер сериясында Швейцарияны утуп, чейрек финалга чыкты (фоторепортаж)

Бүгүн, 25-июнда Франциядагы Европа чемпиондугунда жарым чейрек финалдары старт алды. Алгач Сент-Этьен шаарындагы "Жеффруа-Гишар" стадионунда Польша курамасы менен Швейцария кез келди. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Польша курамасы пенальтилер сериясында 5:4 эсебинде утуп, алгачкы чейрек финалдык жолдомого ээ болду.

Польшанын футболчулары 1-таймдын аягында ийгиликтүү каршы чабуул уюштуруп, эсепти ачышты. Оң капталды "жарып" кирген Камил Гросицки топту өнөктөшү Якуб Блащиковскиге чыгарды. Якуб топту дарбаза торуна жөнөттү. Швейцариялыктар топко ээлик кылып, арты-артынан чабуул уюштуруу менен максатына жетишти: 82-мүнөттө Шердан Шакири топту алыстан дарбазага таамай багыттап, эсепти теңеди.

Кошумча убакытта командалар гол жарата алышкан жок. Пенальтилер сериясында 10 футболчунун 9у гол киргизип, швейцариялыктардан Гранит Жака жаза басты.

Чейрек финалдык беттешин Польша 30-июнда өткөрөт. Команданын атаандашы Хорватия-Португалия беттешинде жеңип чыккан команда болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tashi62
2016-06-25 23:27:41
Оюн кызык болду Шакиринин голу укмуш .
0
Farm94
2016-06-25 23:46:10
Ураааа
-1
Mystery
2016-06-26 01:59:58
Швецария эмес, швецияго дейм
-3
Bermet_Kasymova
2016-06-26 02:23:58
Киргизе албай калган оюнчуга жалко (.
0
Jooshbai
2016-06-26 10:05:24
wakirinin golu puwkawty alat byiyl
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан