Евро-2016: Германия курамасы Словакияны ири эсепте утуп, чейрек финалга жолдомо алды

Германия курамасы Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун чейрек финалына чыкты. Немис футболчулары жарым чейрек финалда Словакия курамасын 3:0 эсебинде утушту. Беттеш Ланс шаарындагы "Пьер-Моруа" стадионунда өттү.

Беттеште 8-мүнөттө Жером Боатенг гол жаратып, Германияны эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. 13-мүнөттө Месут Өзил пенальтиден гол жарата алган жок. 43-мүнөттө Марио Гомес экинчи голду киргизди. Оюнга чекит койгон голду 63-мүнөттө Юлиан Дракслер киргизди.

Бул Словакия курамасынын быйылкы Европа чемпиондугундагы акыркы беттеши болду. Германия курамасы чейрек финалда Италия-Испания курамаларынын беттешинде жеңип чыккан команда менен ойнойт.

Евро-2016: 1/8. Германия - Словакия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nari94germanya
2016-06-27 00:50:01
Jakshy oiyn boldy, alga Germania!
+2
ali1995
2016-06-27 00:57:17
Ооооо Германия азаматсынар немистерче оюнду корсоттунор!!!
+2
sportsmen.boy
2016-06-27 01:15:39
Буйруса Италия чемпион!
-1
Nurbubu.kg
2016-06-27 02:15:07
Италия утулдуу го кыйсынысына чемпион sportsmen. boy
0
fanatkg
2016-06-27 03:06:41
Nurbubu.kg, ал оюн эч кандай мааниге ээ эмес болчу...
-1
mr.beka
2016-06-27 09:23:34
Чили менен аргентинанын оюуну эмне болду
0
Patriot..kg
2016-06-27 09:27:06
mr.beka, Чили чемпион болду
0
mr.beka
2016-06-27 09:30:59
Эсепчи
0
arawan
2016-06-27 10:25:43
чили чем болду пенальти 4:2 мактап жаткан мессинин бетпактары кайда мессинер пенальтиден киргизе албай койду ха ха хо эки жолу тен катары мн чилиге утулду
0
kgalik
2016-06-27 10:35:31
arawan,жакшы эле болуптур ха ха ха ха ха ха ха ха
0
tashi62
2016-06-27 11:41:46
Месси жараган жок
0
arawan
2016-06-27 12:19:14
топ тоголок жана футбол командалык оюн ошо учун бир команда утулса ошо команданын лидерин куноолобош керек мессинин куйормандары роналдуну баяда шыбап эле жатып калдынар эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан