Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районунун Учкун айылында Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа жана 7 чарчы метр саман күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.