Жалал-Абадда Жол-эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизинде Жол-эксплуатациялоо ишканасында мыйзам бузуулар аныкталган. Жоопкерчиликтен качуу максатында аталган ишкананын жетекчиси 5-бөлүмдүн кызматкерлерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.