Бишкекте унаа уурдоого шектелген 3 жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-патрулдук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 37 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө-издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы З.Т., 24 жаштагы С.А., 24 жаштагы К.Н. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elmar
2016-06-27 10:32:44
Бишкек суукпу куртка кийип туратко булар))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан