15 килограммдан ашык баңгизат менен кармалган жарандын соту 5-июлга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Асатулло Мирабдуллаев 2014-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында 15 килограмм 590 грамм баңгизат менен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2016-жылдын 26-июнуна белгиленген сот отурумуна жактоочу ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Мындан улам сот процесси 5-июлга жылдырылды.