АКШда өтүп жаткан футбол боюнча "Америка Кубогу-2016" мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештин финалы 27-июнга караган түнү орун алып, Чили курамасы Аргентинаны утуп алды. Финалдык беттеш 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Анда 4:2 эсебинде чилиликтер жеңип чыгышты.
Оюн жогорку чыңалуу алдында өттү. Эки команда тең оңой менен жеңилүү үчүн майданга чыкпаганын күйөрмандарына далилдеп берүүгө аракет кылышты. Бразилиялык калыс эки командадан тең бирден оюнчуну майдандан четтетти. Кызыл айып кагазы Чилинин курамынан Марсело Диаска, Аргентинанын курамынан Маркос Рохого көрсөтүлдү.
Аргентина-Чили - 0:0
Пенальтилер сериясы - 2:4 Видаль (0:0 - дарбазачы тосуп алды).
Месси (0:0 - дарбазадан ашыра тепти).
Кастильо (0:1).
Маскерано (1:1).
Арангис (1:2).
Агуэро (2:2).
Босежур (2:3). Билья (2:3 - дарбазачы тосуп алды).
Франсиско Сильва (2:4).
Жыйынтыгында Чили курамасы тарыхында аталган мелдештеги экинчи чемпиондук наамын камсыздады. Аргентина болсо мелдештин 14 жолку чемпиону. Бирок аргентиналыктарды өкүндүргөнү - команда 2 жыл ичинде аталган мелдештин финалына чыгып, экөөндө тең Чилиге утулуп калганы...