Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси улуттук курам үчүн ойноону токтотууга бел байлады. Футболчу бул тууралуу журналисттерге "Америка Кубогу-2016" мелдешинен кийин айтты.
Финалда Аргентина курамасы Чилиге утулуп калды (пенальтиде 4:2 эсебинде). Пенальтилер сериясында Лионель Месси 11 метрлик соккуну дарбазага таамай багыттай алган жок. Бул көрүнүштөн кийин ал ачууланып, ыйлаганга жетишти. Аны командалаштары сооротуп жатышты.
"Бул бир нерсени анализдөөгө ыңгайлуу учур эмес. Биринчи эле ойго келгени - улуттук курам үчүн ойноону токтотуу. Мен ушул кадамга бармай болдум. Муну көпчүлүк каалап жатат. Финалда жеңилүү көпчүлүк сыяктуу эле мага да оор тийди", - дейт футболчу.