26-июнь күнү Кытайдын Хунань провинциясында туристтик автобус жүрүп бара жаткан жеринен күйүп кетип, ичиндеги 35 жүргүнчү каза болуп калганын Кытайдын CCTV телеканалы жарыялады. Автобустун ичинде жалпы 56 адам болгон. Буга чейин 7 адам каза болуп, 21и жаракат алганы айтылган. Учурда жаракат алып ооруканага жаткандардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда. Автобус күйүп кеткенде сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн айдоочуну Кытайдын полиция кызматы колго түшүргөн. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.