Евро-2016: Бүгүн Италия-Испания, Англия-Исландия беттештери орун алат (анонс)

Бүгүн, 27-июнда Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунда акыркы 2 чейрек финалдык жолдомо ойнотулат. Кийинки баскычка чыгуу үчүн Испания курамасы Италия менен беттешсе, Англия курамасы Исландияга каршы турат.

ИТАЛИЯ-ИСПАНИЯ
Сен-Дени шаары. "Стад де Франс" стадиону
Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

2012-жылкы Европа чемпиондугунун финалчылары бул жолу жарым чейрек финалда кез келишмекчи. Коргонууда мыкты ойногон Италия курамасынын чабуулда бир топ алсыз экенин, себеби алдыда ойногон оюнчулардын басымдуу бөлүгү жаштар экенин белгилей кетүү керек. Ал эми учурда
Европа чемпиону-Испаниянын курамы 4 жыл мурункудан көп өзгөргөн жок. Команда мурункудай эле топко ээлик кылууда башкалардан айырмаланып турат.

АНГЛИЯ-ИСЛАНДИЯ
Ницца шаары. "Стад де Нис" стадиону
Калыс: Дамир Скомина (Словения)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

Англия курамасы ар бир мелдеште чемпиондукка башкы талапкер болгону менен, күтүүсүздөн утулуп калган "өнөрү" бар. Команда бул жолу да көптү үмүттөндүрүп турат. Бирок мотивация жана аз сандагы элинин колдоосу менен "азыктанган" Исландияны утуу англиялыктарга оңойго турбайт. Исландия коргонууга ыктаган италиялык мүнөздөгү футбол ойноп, тайпада жетиштүү упай топтой алды. Ушундай оюн менен алар чейрек финалга чыга алабы, жокпу, бул убакытка бериле турган суроо...

Чейрек финалдагы атаандаштар:

30-июнь. Польша-Португалия

1-июль. Уэльс-Бельгия

2-июль. Германия-Италия/Испания

3-июль. Франция-Англия/Исландия

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nureles92
2016-06-27 13:23:55
Испания алга эми уят кылбагыла немистерди утушунар керек
0
bazarkyl
2016-06-27 15:05:26
Испания менен Англияга чыкканы менен, кийинки турда атаандаштары кучтуу экен. Финалда Германия менен Испанияны коробузго десем, 1/4 ле кездешет тура, оюун кызык болюун деп туру.
0
sportsmen.boy
2016-06-27 15:34:01
Эн сонун буйруса Италия чемпион.
0
arawan
2016-06-27 17:48:42
италия2:0 испания англия1:0исландия
0
arawan
2016-06-27 17:51:17
пол финал португалия бельгия германия англия ойнойт болуш керек менин оюмча
0
arawan
2016-06-27 17:54:24
уйдун ээси француздарга кыйын жол экен финалга биринчи англия анан германия туш келет окшойт эреже мн
0
sportsmen.boy
2016-06-27 23:58:12
Италия-Испания 2:0.
Ура! Абдан суйунуп жатамын. Буйруса Италия чемпион! Германияны утат.
0
arawan
2016-06-28 00:02:37
мен айткандай болду да 2:0
0
Nureles92
2016-06-28 00:03:40
Эмнеси болсода Германияны утса жакшы болотеле
0
arawan
2016-06-28 00:10:17
германияны утат жарым финалда франция мн ойнойт анан финал португалия италия буюруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан