Чүй облусунда "баңгизатын сатуу менен алектенген" деп шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусунда "баңгизатын сатуу менен алектенген" деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-июнь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Аламүдүн районунда Баткен облусунда туулган 22 жаштагы А. уулу Н. жана 21 жаштагы С. уулу А. кармалган. Алардын спорттук сумкасынан 4 килограмм 455 грамм гашиш табылган. Учурда кармалган эки адам жана далил зат Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан