Сейсмология институтунун директору: "Быйыл өлкө аймагында кыйратуучу жер титирөөлөр күтүлбөйт"

"Быйыл өлкө аймагында кыйратуучу жер титирөөлөр күтүлбөйт". Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG'ге Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов билдирди.

Канатбек Абдрахматовдун айтымында, быйыл сейсмикалык активдүүлүк тынч.

Мурда жыл сайын 3 миңге жеткен жет титирөө катталчу. Акыркы жылдары жер силкинүүлөрдүн саны 8 миңге жетти. Чынын айтканда, күнүнө 100дөн ашык жер титирөө катталат. Бирок аны атайын приборлордон башка эч ким деле сезбейт. Бул биз үчүн нормалдуу эле көрүнүш. Быйыл сейсмикалык активдүүлүк тынч. Ал эми 2017-жылы сейсмикалык активдүүлүк күчөйт. Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында күчү 6 баллга жеткен жер силкинүүлөр болушу күтүлөт”, - деди Абдрахматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мэри
2016-06-27 15:43:12
Ошондой эле болсун, айтканыңыз келсин...
-1
never-cry
2016-06-27 16:57:31
кечеги жер титироо кайсыл жерде болуптур.ал жонундо жазылбапырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан