Футбол боюнча учурдагы Европа чемпиону Испания курамасы чемпиондук наамын коргой алган жок. Испан футболчулары Франциядагы Европа чемпиондугунун жарым чейрек финалында Италия курамасына утулуп калышты. "Стад де Франс" стадионунда өткөн беттеш 2:0 эсебинде аяктап, Италия чейрек финалга жолдомо алды.
Алгачкы тайм италиялыктардын артыкчылыгы астында өттү. Италиялыктар дарбазага узатылган соккулардын саны боюнча гана алдыга чыкпастан, эсеп катыштыгында да алдыга чыгышты. 33-мүнөттө Жоржо Кьеллини эсепти ачты. 2-таймда испаниялыктар оюндун ылдамдыгын арттырып, уюштурулган чабуулдардын санын арттырды. Бирок бул атаандаштын коргонуусун жарып кирип, эсепти теңегенге жетиштүү болгон жок. Каршы чабуулда ойногон Италия курамасы оюндун негизги убактысына 4 мүнөт кошулганда идеалдуу чабуул уюштурду. Бул чабуул Грациано Пелленин голу менен аяктады.
Жыйынтыгында Испания курамасы мелдештен четтеп калды. Чейрек финалга чыккан Италия курамасы 2-июлда Германия курамасы менен беттешмекчи.
Чейрек финалдагы атаандаштар:
30-июнь. Польша-Португалия
1-июль. Уэльс-Бельгия
2-июль. Германия-Италия
3-июль. Франция-Англия/Исландия