14 жаштагы өспүрүм унаа уурдоого шектелип кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан 28-июнда кабарлашкандай, 11-июнь күнү Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Т.М. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда 11-июнь күнү кечинде арыз ээсинин Ак-Бата жаңы конушунда жайгашкан үйүнүн жанында токтоп турган Тойота Королла үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап кетишкен. Жоголгон унаа Сокулук районунун Ак-Жол айылынын күн чыгыш тарабындагы талаадан өрттөнгөн абалда табылган. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын 172-беренеси (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
25-июнь күнү "Бандит" аталышындагы рейд учурунда Сокулук РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип Чүй облусунун 14 жаштагы М.Ч. аттуу тургуну кармалган. Анын мындан сырткары велосипед уурдоого катыштагы бар экендиги такталууда. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.