Англия-Исландия - 1:2
Голдор: Уэйн Руни (4-мүнөттө, пенальти) - Рагнар Сигурдссон (6-мүнөттө), Кольбейн Сигторссон (18-мүнөттө).
Франциядагы Европа чемпиондугунда чемпиондукка башкы талапкерлердин бири катары эсептелген Англия курамасы мелдештин эшигин жапты. Англиялыктар 28-июнга караган түнү Исландия курамасына каршы туруп, утулуп калышты. Ницца шаарындагы "Стад-де-Нис" стадионунда өткөн беттешке 33 901 көрүүчү күбө болуп, оюн 2:1 эсебинде аяктады.
Англиялыктар биринчи болуп эсепти ачышты. Гол 4-мүнөттө киргизилсе, адатта көп командалар оюнга кайтып келүүдө чоң көйгөйдү баштан өткөрүшөт. Бирок Исландия курамасы алардан айырмаланып, 2 мүнөттөн кийин эсепти теңеди. 12 мүнөттөн кийин болсо эсеп катыштыгында алдыга чыгышты. Исландиялыктардын коргонуусун жарып кирип жатканы менен, Англия эсепке өзгөртүү киргизе алган жок.
Жыйынтыгында Англия мелдештен четтесе, Исландия чейрек финалга чыккан 8 команданын катарын толуктады. Курам 3-июлда Франция менен беттешмекчи.
Чейрек финалдагы атаандаштар:
30-июнь. Польша-Португалия
1-июль. Уэльс-Бельгия
2-июль. Германия-Италия
3-июль. Франция-Англия/Исландия