Сузак районундагы Достук айылынын 4 жаштагы тургуну дайынсыз жоголгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 28-июнда кабарлашты. Маалым болгондой, Достук айылында 2012-жылы туулган Перизат Арстанбекова жоголгон. Куткаруучулар туугандары менен биргиликте 27-июнь күнү саат 22:54тө издөөгө чыгышып, суунун жээгинен 1 бут кийимин табышкан. Бүгүн, 28-июнда да издөө жумуштары улантылууда.