Акыркы эки күндө өлкө аймагында 29 жолу жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-июндан 28-июнга чейин кыргыз-тажик жана кыргыз-кытай чек арасында, Алай тоо кыркаларында 29 жолу жер титиреген. Анын күчү 3 баллдан 5 баллга чейин болгон. Кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок. Жер силкинүүнүн күчү Ош облусунун аймагында 4-5 баллга чейин сезилген.