Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ош шаарындагы Туран кичи районунда жол жээгинде токтоп турган Тико үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.