"Жер алып берем" деп 800 адамды сызга отургузган жарандын үстүнөн дагы 5 адам арыз менен кайрылды

"Жер алып берем" деп 800 адамды сызга отургузган жарандын үстүнөн дагы 5 адам арыз менен кайрылганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 39 жаштагы А.Н. аттуу тургуну 38 жаштагы Нурлан Үсөнов аттуу жаран 350 доллар акчасын алып кеткени тууралуу арыз менен кайрылган. 44 жаштагы О.М. аттуу шаар тургуну да Нурлан Үсөнов 2015-жылы февралда "жер алып берем" деп 1000 доллар акчасын алып, качып кеткенин айткан. Булардан башка дагы 3 адам "жер алып берем" деген сөзгө алданып чыгымга учураганын билдирип, милицияга кайрылган.

Эскерте кетсек, 1978-жылы туулган Нурлан Үсөнов "800 адамды алдап, акчасын алган" деген шек менен кармалып, 2016-жылдын 21-июнь күнү эки айга камакка алынган.

Учурда келген арыздар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ashygym
2016-06-28 18:03:34
Ушундай адамды жер кантип которуп журот болду экен!? Эми жараткан Алла оз жазасын берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан