Биз социалдык тармакта

“Манас” аэропортунан башка адамдын паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган аял кармалды

Бишкектеги “Манас” аэропортунан башка адамдын паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнда кармалган аял Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учууга аракет кылган. Ал алып жүргөн паспорт башка жаранга тиешелүү болгон. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rifle_S
2016-06-28 12:07:31
Паспортко улут көрсөтүлүшү зарыл . Бул графа эч кимге тоскоолдук кылбайт. Мен кайра сыймыктанам кыргыз деп жазылып турганы үчүн.
Жөнөнкөй эле мисал : Россияда паспорт текшергенде да кыргыз дегенин көргөндө мамилеси өзгөрөт, тажик өзбек дегенге карганда.
+5
KGstan1981
2016-06-28 13:01:22
Rifle_S,Туура айтасын бирок биздин паспорто отургандар акча учун озбек улуту болсо дагын кыргыз деп жазып коюшат экен мен бир Кыргызстандык озбектин паспортунда кордум улуту кыргыз деп жазылып турган экен.Кудай сактасын эми коросун кытайлыктар чекеден кыргыз паспорторун сатып алышып кытай жээндер кобойуп кетет.Бул аябай олутту маселе Ажобузга баарибир ал эртен туркияга кетип калат а биз болсок Кыргызстанды озубуздун балдарыбызга неберелерибизге калтырыш керекпиз
+6
perichte
2016-06-28 13:14:02
Кыргыз деп албетте,созсуз жазылышы керек!!!Биз эмне кыргыз деп жазылгандан уялышыбыз керекпи!!!Кыргызым кыргыз болуп жаралганыбызга сыймыктанып,башыбызды которуп, улутум кыргыз деп сыймыктана турган калкпыз!!!
+4
ekaterinburg
2016-06-28 14:44:43
ИГИЛ ге кетип бараткан аял болгон чыгаар мумкун...
-1
take.kg86
2016-06-28 14:55:40
ekaterinburg, болушуда мүмкүн бирок толук билбей туруп айтууда кыйын
-1
Rifle_S
2016-06-28 14:56:46
ekaterinburg,ИГИЛ азыр моода болбой калды окшойт. Элдин баары эле билип калды ал жакта чыныгы тозок күтүп жатканын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан