Бүгүн, 28-июнда “Этно-Ош” эстрада-фольклордук тобу Казакстанда өтө турган Эл аралык этно-жаз жана “Кымызмурундук” фольклордук-этнографиялык фестивалына катышуу үчүн Астана шаарына жөнөп кетти. Узатуу салтанатына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шакир Зулимов, маданий жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан вице-мэр Нурбек Кадыров сөз сүйлөп, “Этно-Ош” чыгармачылык тобуна ийгиликтерди каалады. “Бул кадам Ош шаары үчүн чоң сыймык. Жаңы гана түзүлгөн чыгармачылык топтун аракети күч. Алардын ар бир аткарган чыгармасы элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Андыктан “Этно-Ош” эстрада-фольклордук тобу Казакстанга барып маданиятыбызды жар салып, ийгилик менен кайтат деп терең ишенем”, - деди Н.Кадыров.
“Этно-Ош” чыгармачылык тобу 1-2-июль күндөрү Астана шаарында өтүүчү фестивалда үч чыгарма менен таланттарын тартуулайт. Ал эми 4-5-июль күндөрү “Кымызмурундук” фестивалына фольклордук жанрдагы чыгармалар менен катышат. Чыгармачылык топтун сапардык чыгымдарын Ош шаардык мэриясы колго алган.
Аталган топ өткөн жылы Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдында түзүлгөн.