Бишкек-Ош жолунда күмөндүү акциздик марка чапталган 10 миң бөтөлкөнү ташып бараткан унаа токтотулду

Салык кызматы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алкоголдуу продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана тыюу боюнча биргелешкен иш-чаранын жүрүшүндө күмөндүү акциздик марка чапталган 10 миң бөтөлкө арак тартылып алынганын Салык кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Бишкек-Ош автожолунда жеке ишканага тиешелүү унаа токтотулган. Аталган эки мекеменин кызматкерлери унаанын жүк жүктөлчү бөлүгүн кароо учурунда ар кандай аталыштагы жана сыйымдуулуктагы 10 200 бөтөлкө алкоголдуу продукцияны табышкан.

Арактарга чапталган акциздик маркаларды кароо учурунда алардын шек туудурган маркалар экени аныкталган. Ушуга байланыштуу унаа ЭККМКнын аймагына жеткирилип, абал аныкталганга чейин мөөр менен чапталган.

Материалдары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды кабыл алуу үчүн ЭККМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан