Борбор калаада уурулукка шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал батирине белгисиз адамдар киришип, 3 миң долларын уурдап кетишкенин айткан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Г.Р. аттуу казак жараны жана 1996-жылы туулган У.Э., 1998-жылы туулган М.Р., 1994-жылы туулган П.Б., 1997-жылы туулган С.Т. аттуу кыргыз жарандары кармалышкан.
Алдын ала атайын сүйлөшүп алышып, уурулук кылып жүрүшкөн. Алардын мындан башка бир канча уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды.
Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.