Кыргыз-тажик чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 15:07 чамасында болгон. Анын күчү 5 баллга жетип, очогу Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 35 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.