Турдакун Ниязалиев Түркиянын Стамбул шаарында өнөрүн көрсөтүп келди

"Жубайыма" аттуу чыгармасы менен калың элге таанылган ырчы Турдакун Ниязалиев өткөн жумадаТүркиянын Стамбул шаарында "Дүйнө мусулмандары Султангазыда" долбоорунун алкагында уюштурулган ооз ачуу иш-чарасында өз өнөрүн көрсөтүп келди. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Дүйнө мусулмандары Султангазыда" долбоорунун алкагында уюштурулган ооз ачуу иш-чарасында күн сайын 1000дей адамга дасторкон жайылып, башка ислам өлкөлөрүнөн диний ырларды ырдаган ырчылар чакырылып турат экен. 24-июнда конок болуп, "Жубайыма" жана башка ыйманга чакырган диний ырларды ырдап келдим. Ошондой эле комуздун коштоосунда да жандуу чыгарма аткардым. Шаарда баратып менин сүрөтүм коюлган афишаларды көрүп кубандым, сыймыктануу сезими пайда болду. Чыгармаларымды көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышты", - деп билдирди Т.Ниязалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nursultan.91
2016-06-28 19:42:59
Азамат!
+4
aksy.koi-tash
2016-06-28 20:31:00
Жакшы жанылык екен азаматсыз
+4
KaiMak
2016-06-29 03:03:10
aksy.koi-tash,салам байке! Е менен Э нин айырмасы абданле чон, барып барып баарыбыз Е менен суйлоп калгыдайбыз го. Озунуз деле билсениз керек ката жазып жатканынызды, катуу тийсе сорян
-2
Eva77
2016-06-28 20:47:00
Ийгилик, азаматсыз!
+4
Pirimkul
2016-06-28 23:43:09
Молодец и дальше двигайся!
0
Sezim921122
2016-06-29 01:01:48
Азаматсыз,ишинизге ийгилик!!!
-1
momun74
2016-06-29 01:05:28
Азамат! бирок бирааз аялы экоо текебер боло башташыптыр бугун байкадым болбосо тууган элек мен аябай ошого капаланып ырында уккум келбей калды.
-1
Tatli_Melek
2016-06-29 05:37:12
Ийгилик!
-1
Usow
2016-06-29 06:38:58
Барганссайын белгилуу болупкетип атат ошого аялын анча мынча урушса керек да аялы кызганып суйлоп койсо эле Турдакун жугонду тартып атса керекда (кулуп)
-2
paula.90
2016-06-29 10:16:02
Usow,тушунбодум,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан