Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы жардыруудан 30дан ашуун адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды

28-июндан 29-июнга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда эки жардыруу орун алды. Андан 30дан ашуун адам каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алган. Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, жардыруу эл аралык каттамдар терминалында болгон. Каза болгон жана жаракат алгандардын арасында жаш балдар да бар.

Ошондой эле айрым маалымат каражаттары аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу орун алганын кабарлашууда.

Учурда аэропорт ишин убактылуу токтотуп, полиция жана "Тез жардам" кызматы жардыруу болгон жайда иштеп жатышат. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырымдын айтымында, жардырууну үч террорист ишке ашырган. Алар алгач аэропортко такси менен кирип келип, колундагы куралдар менен ок чыгарышкан. Өкмөт башчы жардырууга байланыштуу кризистик борбор ачууну тапшырды.

Стамбул шаарынын аэропортунда жардыруу болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Totoeva1987
2016-06-29 09:28:44
Кудайым озу сактасын бейкуноо
пенделер олуп жатат. Адамзат эмне
болуп баратат бири-бирине кастык
кылып жардыруу жасап,адамга кыянат
кылгандар тозоктун отуна куйсо керек.
+4
Oi_pikir
2016-06-29 09:31:18
Кудай ай, тынч эле жашай берсек болбойт бекен? Бул канчанчы жолкусу?! Түркия тынч болбой калды.......
+5
Oylonkyrgyzym
2016-06-29 09:37:53
Бүт мусулман мамлекеттеринде ушундай болуп жатат. Бул кезектеги АКШнын оюну болуш керек. Булардын планы боюнча экинчи Сирия кылгысы бар да Туркияны да. Себеби Түркияда да кен байлыктар өтө көп.
+3
gukush00
2016-06-29 10:06:44
кен байлык жок го аякта
0
rejepova
2016-06-29 10:25:25
kurddor menen turk tireshi
0
Asyl19.09.90
2016-06-29 11:09:29
Кудай сактасын эмнеле эле болуп жатат адамдар тоооббооо кылдым
0
Mech.kg
2016-06-29 12:13:26
Туркияда аябай коп терак катталууда.байкуштар.эгерде башка муслим эмес олко болгондо дуйно жузу дунгуромок
0
takowa_tyratbekovna94
2016-06-29 13:47:41
Туркияны Эрдоган башкарышына козу жетпей калдыго менимче байкуш конулуу орууй берип ар бирине журок оруу болдуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан